Европада биоотунга суроо-талап өсүп, эли дүрбөлөңгө түшө баштады

Ички рынокто биоотунга болгон суроо-талап былтыркыга салыштырмалуу 40-50 пайызга өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Энергетикалык каатчылыктан улам Европада биоотунга суроо-талап өсүп, эл дүрбөлөңгө түшө баштады. Бул тууралуу Испаниянын La Vanguardia басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Басылма белгилегендей, электр энергиясы, мунай, газдын баасынын тынбай жогорулап жатканынан улам экологиялык отун рынокто өз ордун табууда.
"Пандемия жаңы башталып келе жатканда ажаткана кагазын талашып ызы-чуу болгондой, азыр экологиялык отун алам дегендер көбөйүп, эл дүрбөй баштады", — деп жазылат маалыматта.
Испаниянын AVEBiom биомассалык энергияга баа берүү ассоциациясынын төрагасы Хавьер Диастын айтымында, энергетикалык каатчылыкка чейин кардарлар буйрутманы октябрь, ноябрь айларында берип, биоотунду түгөнгөндө эле келип алып кетишчү.
"Эми алар кышка жеткидей кылып биоотундун баарын алабыз дешүүдө. Мындай учур биринчи ирет болуп жатат", — деди Диас.
Ал аталган продукцияны өндүргөндөр суроо-талаптын көбүнөн жетишпей жатканын кошумчалады.
"Анын үстүнө биоотун чыгарган компаниялар товарларын күн жылууда Франция, Италия, Германияга экспорттоп салышкан. Мындан улам да эл "кышында отуну жок калабыз" деп дүрбөлөңгө түшүүдө", — деген Диас.
Ички рынокто биоотунга болгон суроо-талап былтыркыга салыштырмалуу 40-50 пайызга өскөн. Меш сатып алгандар да арбыды. 15 килограммдык кап биоотундун баасы азыр тогуз евродон сатылууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге кымбат экени кошумчаланды.
Америка Европаны каатчылыктан куткаруудан баш тартты. Кезерчү кез али алдыда