БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Баткен элине жардам катары чогултулуп жаткан атайын эсепке 226 миллион 935 миң сом түштү. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер 100 миллион сомдон ашык, коммерциялык уюмдар 57 миллион сом каражат которгон. Ошондой эле 2 521 жаран 22 миллион сомдон ашуун жардам көрсөткөн.
Маалымат 21-сентябрдын саат 17:00үнө карата алынган. Бул каражат жолдорду, талкаланган объектилерди оңдоого, электр жабдууларын калыбына келтирүүгө жумшалат. Ал атайын комиссиянын чечими менен бөлүнөт.