Билим берүү министри БУУнун саммитинде дени сак муун маселесин көтөрдү

Министр билим берүү аркылуу өсүп келе жаткан муунга планетанын абалынын маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Нью-Йорктогу БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде алгачкы жолу кошумча иш-чара уюштуруп, коомчулукка кайрылуу жасады. Бул тууралуу министрлик кабарлады.
Маалыматка караганда, бул иш-чарада Гарвард, Колумбия жана Стэнфорд университеттеринин профессорлору баяндама жасап, ага дүйнө боюнча билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышкан.
Талкууда министр акыркы учурдагы кырсык, оорулардын баары адамдардын планетанын абалы тууралуу маалымат, билими жоктугунан келип чыгып жатканын белгилеген.
"Өтө тездик менен өнүгүп жаткан дүйнө айлана-чөйрөгө канчалык деңгээлде зыянын тийгизип жатканы тууралуу ойлонбой калды. Биз илимий, саясий жана жарандык коомдун адамдарын чогултуп, өсүп келе жаткан муунга планетанын абалынын маанилүүлүгү тууралуу айтышыбыз керек. Табияттын өзгөрүүсү эң алгач элдин ден соолугуна таасир этет. Бул коркунучтарды азыр чечим кабыл алуу менен алдын алабыз. Муну ишке ашыруу үчүн бизде "билим берүү" деген күчтүү курал бар", — деди министр.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Планетардык ден соолук боюнча альянс меморандумга кол коюшкан.
Радио
Назарова: Россия өлкө мектептеринин ысык тамак программасына жардам берүүдө