Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Башаламандыкка бет алып...". Вашингтон дүйнө түзүмүн бузууну сунуштап турат

Бириккен Улуттар Уюмун Батыш дүйнөгө залал келтирген чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланарын билдирди РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова. Атап айтканда, ал БУУнун 77-сессиясын ушундай сыпаттады.
Sputnik
Эске салсак, АКШ россиялык дипломаттарга виза берүү маселесин көпкө создуктурду. Мындан сырткары, америкалыктар аталган уюмду радикалдуу реформалоону талап кылууда. РИА Новости агенттиги андай өзгөрүүлөр эмнеге алып келерин талдаган серепчи Ренат Абдуллиндин макаласын жарыялаган.

Соңку мүнөттө

Россиянын Вашингтондогу элчилиги 17-августта АКШ Мамлекеттик департаментинен делегацияга, анын ичинде РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровго виза берүүнү өтүнгөн. Бир ай өтсө да документтер даярдалбай, дипломаттар Америка тараптан так бир жооп ала албай келишти.
13-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясын утурлай уюмдагы Россиянын туруктуу өкүлүнүн укуктук референтурасынын жетекчиси Сергей Леонидченко Москва буга жооп кайтарууну караштырып жатканын билдирген.
"АКШнын эл аралык-укуктук милдеттенмелерин атайын аткарбай жатканына бир чара көрүүнүн жалгыз жолу — башкы катчы (Антониу Гутерриш — ред.) тарабынан борбордук мекемелер жөнүндөгү макулдашуунун 21-бөлүмүндө каралган арбитраждык процедураны тезинен баштоосу", — деген дипломат. Анткен менен андай кескин кадамдарга жеткиришпей, россиялык делегацияга иш-чаранын башталышына аз калганда виза берилди. Лавров "Бийиктик деңгээлинин аптасынын" алкагында 24-сентябрда сөз сүйлөрү пландалууда.

Вето укугуна ээ мамлекеттерди көбөйтүүнү көксөшөт

Сессиянын негизги интригаларынын бири АКШ президенти Жо Байден менен мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүлөрү болду окшойт. БУУдагы америкалык өкүл Линда Томас-Гринфилд маалымдагандай, Вашингтон аталган уюмду реформалоого кызыкдар.
"Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын алкагындагы айрым өлкөлөрдүн жалпы жоопкерчилик жана милдеттенмелерин, анын ичинде Коопсуздук кеңеши жана башка институттарды реформалоо жөнүндөгү маанилүү маселелерди кеңири талкууга алгыбыз келет", — деп тактап өткөн америкалык дипломат. Кыязы Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү тарабынан вето укугун колдонууну талкуулашат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эрдоган Россиянын аракетин жана атайын операциянын максатын түшүнгөнүн билдирди
Апрелде эле Генералдык Ассамблея ушул маселе боюнча резолюцияга кол койгон. Вето укугуна туруктуу беш мүчө, атап айтканда, Россия, Улуу Британия, Кытай, АКШ жана Франция ээ экенин белгилей кетели. Дал ушул Кеңеш принципиалдуу чечимдерди чыгаргандыктан, алардын бир эле өлкө тарабынан бөгөттөлүшү Москвага кастарын тиккен мамлекеттердин нааразычылыгын жаратышы ыктымал.
Жазында кабыл алынган документке ылайык, Башкы Ассамблея вето койгон туруктуу өкүлдөн түшүндүрмө талап кыла алат. Азырынча андай жол-жобо эч качан пайдаланыла элек. Башкы Ассамблеянын чечимдери сунуш иретинде экени кырдаалды кыйындатат. Ошол себептен Байден менен Блинкен бул демилгесин кайрадан көтөргөнүнө таң калып болбойт. Ал тургай Вашингтон Россияны да, Коопсуздук кеңешинин эч бир мүчөсүн вето коюу укугунан ажыратуу мүмкүн эместигин да расмий түрдө мойнуна алган.
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун доценти, Европалык маалымат борборунун директору Николай Топорнин америкалык тарап кай бир өлкөнү бул укуктан ажыратуунун ордуна Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн санын көбөйтүүнү сунуштай турганын боолголойт.
"Маселен, дымактуу жана таасирдүү Индия, Бразилия, Австралия же Японияны кошуу сунушталышы ыктымал. Теориялык жактан бул мындай жол-жобону жеңилдетет. Андайда бөгөт коюуга бир добуш жетишсиз болуп калат. Бирок БУУнун Уставын баары бир кайра карап чыгуу абзел, ал эми бул үчүн уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек. Албетте, азыр консенсусту күтүп болбойт эмеспи", – дейт ал.
Эксперттин баамында, кандайдыр өзгөрүүлөрдүн убагы келди. Ошондуктан реформаларды каалагандары да түшүнүктүү. "Туруктуу мүчөлөр вето укугун кыянаттык менен гана пайдаланбастан, кээде оппоненттерине каршы колдонушат. Мындай шарттарда чечим кабыл алуу мүмкүн эмес. Натыйжада Коопсуздук кеңеши тек гана куру билдирүүлөр органына айланат", — дейт Топорнин.
Австриянын экс-вице-канцлери Украинадагы кырдаал үчүн АКШны айыптады

"Көз жаздымда калтырып…"

Россиялык делегацияга виза берүү боюнча жаңжал да реформалардын зарылдыгын көрсөттү. БУУнун башкы катчысынын мурдагы орун басары Сергей Оржоникидзе Вашингтондун бул кадамын милдеттенмелерди бузуу деп мүнөздөдү. Ал булардан сырткары АКШ менен БУУнун ортосундагы 1947-жылдагы келишимге ылайык америкалыктар өз аймагына уюмга мүчө мамлекеттердин делегация жана кызматкерлерин эч тоскоолсуз киргизүүнү камсыздоого тийиш экенин айтат.
"Виза берүүнү создуктуруу — бул эч кандай саясий маңызы да, юридикалык негизи да жок пропагандалык кадам", — деп түшүндүрөт дипломат. Башкы катчынын талабына ылайык третей сотун чакыруу зарылдыгы жөнүндө белгилеген Сергей Леонидченко да ушундай ойдо. Кырдаал кайра-кайра кайталанат. Мисалы, көктөмдө Россиянын каалоосуна карабастан, Гутерриш арбитражды чакырган эмес. Ошондо Захарова АКШнын кадамдары "БУУнун башкы катчысы тарабынан да, негизги катчылыктын да чектен чыккан аракеттерге көз жумгандыгынын жыйынтыгы" экенин билдирген.
Топорниндин пикиринде, негизи эле виза көйгөйүн чечүү оңой-олтоң иш эмес. АКШ санкция коюлган кишилерди, анын ичинде Лавровду да киргизе албастыгын кайталашат.
"Гутерриш бул маселе боюнча Байден же куру дегенде Блинкенге кайрылууга тийиш. Балким, кошумча макулдашуулар да талап кылынар", — деген эксперт.
Оржоникидзенин айтымында, БУУнун башкы катчысы АКШнын кысымында болгондуктан арбитраж чакырбайт. "Ал — НАТОго мүчө өлкөнүн өкүлү, америкалык союздашы Португалиянын премьер-министри болгон. Албетте, Гутерриш мүмкүн болушунча Вашингтондун көз карашын жактайт", – дейт ал. Өз кезегинде РФ Мамлекеттик думасынын эл аралык иштер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий БУУнун штаб-квартирасын көчүрүү маселеси да каралышы мүмкүн экенин айтат. Ал эми Топорнин: "Негизи Женевада ири бөлүм бар. Мындайда, биринчиден, кабыл алуучу өлкө штаб-квартирасын жайгаштырууга макулдугун берүүгө тийиш. Экинчиден, инфраструктура чыгымдарын кимдин төлөөрү так эмес. Себеби бул – эбегейсиз аймак, заңкайган имарат, жайнаган кызматкерлер, өзүнчө эле бир "мамлекет ичиндеги мамлекет".
Кандай болгон күндө да эксперттердин баары бир ооздон бул болуп көрбөгөндөй кырдаал экенин белгилешет. "Совет убагында да мындай көйгөй чыккан эмес", — дейт Оржоникидзе. Ошондуктан БУУнун Башкы Ассамблеясынын "кризистик" 77-сессиясы азыркы дүйнө түзүмүн кайра карап чыгуунун башаты болору эмитен эле айкын болуп калды.
The Washington Times: Путин менен Си Цзиньпиндин сөзү Батыштын тынчын алууда