Террордук уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды

Шектүү УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, шектүү Новосибирск — Ош авиакаттамы менен учуп келген учурда Оштогу аэропорттон колго түшүрүлгөн.
"Теологиялык экспертизанын жыйынтыгында шектүү жарыялаган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган", — деп айтылат билдирмеде.
Кармалган киши УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
УКМК: Сирияда жок кылынган теги кыргызстандык согушкер боюнча иликтөө жүргүзүлөт