БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Учурда Тажикстан менен чек арада абал тынч. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
"Учурда чек арада кырдаал туруктуу. Тажик бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чыр-чатакка жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", — деди Алимбаев.
Анын айтымында, видео саат 21:45те тартылган. Облус башчысы жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.