Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Түлөбаев: тажик аскерлери Кыргызстанга машыгууга келбесин, биз дагы жөнөтпөйлү

Эл өкүлү трибунадан Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери Кыргызстанга ар кандай багыттар боюнча машыгууга дагы келбесин, биз дагы жөнөтпөйлү. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
Эл өкүлү парламенттин трибунасынан Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылды.
"Эгер аз болсо да уят, намысыңар болсо аскерлериңерди Кыргызстанга машыгууга жөнөтпөй эле койгула, биз аларды күтпөйбүз. Такыр жөнөтпөгүлө! Биздин аскерлер дагы барбасын. Мына октябрда Кыргызстанда машыгуу болот экен, тажик аскерлери такыр кирбесин биздин жерге. Келсе чатак чыгат. ЖККУ жана башка багыттар боюнча биздикилер дагы барбасын. Кереги жок бизге, эл араң турат", — деди Түлөбаев.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Акаев: Тажикстан дагы кол салбашы үчүн эл аралык кылмыш сотуна беришибиз керек