Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Максаттагы бала бакчага снаряд түшүп, оңдолгон мектеп кайра талкаланды. Сүрөт

Бала бакча 2021-жылы эле салынып бүтүп пайдаланууга берилсе, мектеп да жаңы жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери Баткендин Максат айылындагы мектепти кайрадан өрттөп, талкалашты.
1 / 6

Тажикстандын аскерлери Баткендин Максат айылындагы мектепти кайрадан өрттөп, талкалашты

2 / 6

Айыл башчы Сапарали Адинаевдин айтымында, 16-сентябрдагы жаңжалда тажик тарап мектепти аткылап, ичиндеги парта, столдорду талкалап, окуу куралдарын өрттөшкөн

3 / 6

Мектеп аткыланган учурда ичинде окуучулар болгон эмес, аларды ага чейин эвакуациялап, айылдан алып чыгып кетишкен

4 / 6

Азыркы тапта билим берүү мекемеси жабык турат

5 / 6

Мындан сырткары, айылдагы 2021-жылы эле салынган "Сейтек" бала бакчасы да талкаланган

6 / 6

Айыл башчы 16-сентябрда ага снаряд түшкөнүн айтып, бакчанын имараты так ортосунан ураганын кошумчалады.

Айыл башчы Сапарали Адинаевдин айтымында, 16-сентябрдагы жаңжалда тажик тарап мектепти аткылап, ичиндеги парта, столдорду талкалап, окуу куралдарын өрттөшкөн. Мектеп аткыланган учурда ичинде окуучулар болгон эмес, аларды ага чейин эвакуациялап, айылдан алып чыгып кетишкен. Азыркы тапта билим берүү мекемеси жабык турат.
Аталган билим берүү мекемесин тажик тарап ушуну менен экинчи ирет талкалап жатат. 2021-жылдын апрель айында болгон чыр-чатакта да тажик аскерлери мектепти жараксыз кылып талкалап, өрттөшкөн. Бирок Кыргызстандын бийлиги аны оңдоп-түзөп, ошол эле жылдын сентябрь айында пайдаланууга берген.
Мындан сырткары, айылдагы 2021-жылы эле салынган "Сейтек" бала бакчасы да талкаланган. Айыл башчы 16-сентябрда ага снаряд түшкөнүн айтып, бакчанын имараты так ортосунан ураганын кошумчалады.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баары күлгө айланган. Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базардын видеосу