Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде кайрадан ок атылдыбы? Чек ара кызматынын жообу

Чек ара кызматы коомчулукту социалдык тармакта такталбаган ар кандай маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрбөөгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кечки саат 18:20 менен 18:50нүн ортосунда Баткендеги Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы угулду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Мекеме кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон сакталып турганын белгиледи.
"Лейлек районунун Максат айылында жарандардын автоунааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы коомчулукту социалдык тармакта такталбаган ар кандай маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрбөөгө чакырды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жалган маалымат таратып кырдаалды курчутпагыла. Бишкек Душанбени айыптады