Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенге жөнөтүлгөн гумжардамды бөлүштүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Соңку маалыматтар боюнча, Баткен облусуна 1 053 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам Баткендеги чек арада чыккан кагылыштан жабыркагандарга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды кабыл алып, бөлүштүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков билдирди.
Анын айтымында, жумушчу топтун курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, активисттер жана ыктыярчылар кирген.
Гумжардам төмөнкү алгоритм боюнча бөлүштүрүлөт:
ӨКМдин өкүлдөрү келип түшкөн жүктөрдү арыздын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топтору (акимдер, мэрлер) гуманитардык жардамды айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө өткөрөт;
Соңунда айыл өкмөттө түзүлгөн жумушчу топ жергиликтүү элге тамак-аш жана эң керектүү буюмдарды бөлүштүрөт.
"Гуманитардык жардам бөлүштүрүлгөндөн кийин ар бир жумушчу топ ал кайсы айылга, канчасында берилгенин, которулган жардамдын көлөмү жана канчасы калганын жазып, протокол түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Соңку маалыматтар боюнча, Баткен облусуна 1 053 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арадагы жаңжалда жоголгон документтер акысыз калыбына келтирилет