Евробиримдикте нан тез эле кымбаттап кетти

Евростат инфляцияны Украинадагы кырдаал, энергетикалык каатчылык менен байланыштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Евробиримдикте нандын баасы болуп көрбөгөндөй жогорулады. Орто эсеп менен алганда август айында өсүш былтыркыга салыштырмалуу 18 пайызды түзгөн. Бул туурасында Европанын Евростат статистикалык агенттиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, нан Венгрияда 60 пайызга кымбаттаган. Францияда 10 пайызга жогоруласа, Бельгиянын тургундары нанды 13 пайызга кымбатыраак алып жешүүдө.
Евростат инфляцияны Украинадагы кырдаал, ал жактын буудайынын тартыш болуп жатканы жана энергетикалык каатчылык менен байланыштырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина экономикасынын кыйраарына аз калдыбы? Сереп