Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон облусунда референдум 23-27-сентябрда өтө турган болду

Администрация жетекчиси референдумга бардык жарандарды катышып, туура тандоо жасоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Херсон облусунун Россиянын курамына кирүүсү боюнча референдум Донецк жана Луганск эл республикалары сыяктуу 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөт. Бул тууралуу Херсон облусунун администрация жетекчиси Владимир Сальдонун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

"Жарлыкка ылайык, референдум 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөрүн маалымдайм. Документтин негизинде Херсон облусунун аймагында добуш берүү жана референдум өткөрүүнү уюштуруунун тартиби аныкталды. Ошондой эле бул эрежелерди бузгандыгы үчүн административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинин чаралары бекитилди", — деген ал.

Сальдо Херсон облусунун администрациясы аймактын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрөрүн кошумчалаган. Ошондой эле жалпы элдик добуш берүүгө бардык жарандарды катышып, туура тандоо жасоого чакырган.
Буга чейин ДЭР менен ЛЭРдин башчылары республикалардын Россиянын курамына кирүү боюнча референдуму 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөрүн айтышкан.
Запорожье облусунда референдум жакынкы күндөрү өтүшү ыктымал