Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР менен ЛЭР Россияга кошулуу үчүн референдум өткөрүүгө даярданып жатат

ЛЭРдин өкүлү чет мамлекеттерге кайрылып, байкоочуларын жиберүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Донецк жана Луганск республикаларынын администрация жана парламенти кечээтен бери Россиянын курамына кирүү боюнча добуш берүүнү өткөрүүгө активдүү киришти. Бул тууралуу ДЭРдин башчысы Денис Пушилин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул Донбасстын тургундарына бүт жагынан жакшы таасир этет. Биринчи кезекте бизди, албетте, коопсуздуктун сакталышы кызыктырат. Республиканын БШКсы 2014-жылдагы тажрыйбаны колдонуп, референдумду болушунча ачык өткөрүүгө эрки жетет. Бул көптөн-көп күткөн референдум. Мындай куткаруу багытындагы саясий чечим биздин жай тургундардын коопсуз жашашына шарт түзөт", — деди Пишулин.
Өз кезегинде Луганск Эл Республикасынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Родион Мирошник ДЭР менен ЛЭР уюштуруу маселелери боюнча иш-аракеттерин координациялап жатканын, жакында Россия менен олуттуу консультациялар башталарын айтты. Ошону менен катар эле чет мамлекеттерге кайрылып, байкоочуларын жиберүүгө чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Волновахада оорукана, мектептерди калыбына келтирүүдө. Видео