Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Туткундап кетишкен. Дайынсыз делген "Бөрүнүн" жоокери Жамал Тойчиев табылды

Жоокерди куралдуу кагалыш учурунда тажик тарап барымтага алган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери, дайыны билинбей жаткан Жамал Тойчиев аман-эсен табылганын УКМКнын Чек ара кызматы тастыктады.
Аны куралдуу кагылыш учурунда тажик тарап барымтага алган. Социалдык тармактарда алгач анын курман болгону тууралуу жакындарына кабар келгенин, бирок барып сөөгүн таба алышпаганын жазып жатышкан.
Натыйжада ал кечээ, 19-сентябрда, кечинде барымтадан бошотулган төрт аскердин бири болуп чыкты. Тойчиев бутунан жаракат алган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баарынын ден соолугу жакшы экенин, бирөөсүнүн гана бутунда жаракаты болгонун айткан. Алар ооруканага жеткирилип медициналык кароодон өтүп жатат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Иманкулов: дайынсыз 6 жоокердин сөөгүн тажик айылдарынан алып келдик