Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 10 мектеп, 7 бала бакча жараксыз болуп калды

Чек арадагы жаңжалдан Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Баткенде Тажикстандын кол салуусунан 10 мектеп, жети бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал чек арадагы жаңжалдан Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулуп, азырынча кырдаалга байланыштуу жандана электигин белгилеген. Алардын арасында 53 билим берүү мекемесине эвакуация болгон эл жайгаштырылган.
"Лейлекте 45 мектеп, 23 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат. Ал эми 21 мектеп, 40 бала бакчада окуу процесси токтогон. Кадамжай менен Кызыл-Кыяда балдар кадимки шартта билим алууда. Оштун Чоң-Алай районунда 11 билим берүү уюмдарында окуу токтотулган. Качан баштала турганы азырынча белгисиз", — деген Жусупбекова.
Ал Баткенде жабыркаган, эвакуация болгон элге моралдык колдоо көрсөтүү максатында 28 психолог жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Радио
Чек арада жабыркагандарга кан тапшыруу үчүн күнүнө 500гө чейин адам келди