Микробиолог: АКШ украиналыктарга тажрыйба жүргүзүүдө

Никулин украиналык туткундардан аларга такыр мүнөздүү болбогон коркунучтуу ооруларды козгогон антителолор табылганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. АКШ Украинадагы санитардык-биологиялык абалды начарлатып тим болбостон, Пентагондун аскердик биологиялык программасынын алкагында кооптуу оорулардын патогендерин текшерүү үчүн украиналыктарга тажрыйба да жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу БУУнун биологиялык жана химиялык курал боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү Игорь Никулиндин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Украинанын өзүндө акыркы сегиз жылда ар кандай эпидемиологиялык оорулардан 200 миңден ашык адам каза болгону айтылып келген. Бул Европа үчүн катастрофалык сан болуп эсептелет", — деген Никулин.
Анын айтымында, Украинадагы "Майдан" бийлигинин алгачкы чечимдеринин бири санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жоюу болгон. Кийин анын функцияларын Пентагон өзүнө алган.
"Бирок америкалык аскерлер балдарга, аскер кызматкерлерине, психиатриялык ооруканалардагы бейтаптарга тажрыйба жүргүзүү менен украиналыктарга кандай кам көрүп жатканын көрүүдөбүз", — деди Никулин.
Ал украиналык туткундардан аларга такыр мүнөздүү болбогон коркунучтуу ооруларды козгогон антителолор табылганын эске салды.
Маалым болгондой, 2016-2019-жылдары Украинанын Саламаттык сактоо министрлигин АКШ жараны Ульяна Супрун башкарып турган учурда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат түп-тамырынан жоюлган. Ошондон кийин өлкөнүн ар кайсы аймагында дифтерия, кызамык сыяктуу оорулар күч алган. Ошондой эле кургак учуктун антибиотикке туруктуу келген түрү да жайылганы кошумчаланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Politico: Украинага курал жеткирүү жана Европа АКШнын баш оорусуна айланды