БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ошто +29...+31 градуска жетет.