Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажикстан барымтага алган төрт аскерди Кыргызстанга кайтарды

Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүп чыкканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тажикстан барымтага алган төрт аскер Кыргызстанга кайтарылды. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
Ал саат 21:30га карата маалымат берип, тажик тарап менен сүйлөшүп чыкканын айтты.

“Тажикстанда барымтада турган төрт жоокерибизди алып чыктык. Баарынын ден соолугу жакшы, бирөөсүнүн гана бутунда жаракаты бар экен. Азыр ооруканага алып бардык, бир сыйра текшерилип эртең менен туугандары алып кетет”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен тынчтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча протоколго кол коюлганын билдирди.
Анын айтымында, Баткенде акырындык менен тынчтык орной баштады. Эртең кечинде дагы жолугушуу болот.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Иманкулов: дайынсыз 6 жоокердин сөөгүн тажик айылдарынан алып келдик