Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек араны басып киргендер катуу жазасын алды. Жапаровдун кайрылуусу видеодо

Президент мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп берүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Чек араны басып киргендер катуу жазасын алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда билдирди.
"Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазасын катуу алганы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал эки жыл мурда эле кыргыз армиясында курал-жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлердин кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эместигин белгиледи.
"Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат", — деди Жапаров.
Аны менен катар мамлекет башчы "Баткенге барабыз" деген жигиттер, жаштарды сабыр кылууга чакырды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу учурунда көзүнө жаш алды. Видео