Россияга кирүү үчүн ПЦР-тест сөзсүз талап кылынары айтылды

Тестти өлкө аймагына кире турчу бардык адамдар тапшырат. Анын ичинде коронавируска каршы эмделгендер, ооруп айыккандар дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россияга кирүү үчүн ПЦР-тест сөзсүз талап кылынарын Республикалык штаб билдирди.
Билдирмеге караганда, тестти өлкө аймагына кире турчу бардык адамдар тапшырат. Анын ичинде коронавируска каршы эмделгендер, ооруп айыккандар дагы бар.
"Аэропортто тесттен Россиянын жарандары гана өтө алышат. Чет өлкөлүктөр тестти алдын ала тапшырышы шарт. ПЦР-тесттин маалым каты англис жана орус тилдеринде болушу керек. Эгер башка тилде болсо котортуп, нотариустан тастыктоо зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин "Манас" аэропорту кайсы мамлекеттер ПЦР-тест талап кыларын тизмектеген.
Россия ТИМи өз аймагына чет элдиктердин кириши боюнча тартипти түшүндүрдү