Кыргызстандык жаш футболчулар Азия кубогуна жолдомо алып, жеңишин Баткенге арнады

Азия чемпионаты келерки жылы Өзбекстанда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Азия кубогунун финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.
Кечээ Бишкекте Азия чемпионатынын тандоо турунун J тайпасынын оюндары өттү. Анда улуттук курама команда Брунейдин футболчулары менен беттешти.
Кыргызстандык футболчулар атаандаштарын жеңип (6:0), алты упай менен тайпада экинчи орунду ээледи. Башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы Азия кубогуна 2-орундан тандалып алынган алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди.
Кыргызстандын футбол союзунан билдиргендей, жаш футболчулар жеңишин жана Азия кубогуна жолдомосун Баткенге арнашты.
Азия чемпионатынын финалдык бөлүгү келерки жылы Өзбекстанда өтөт.
Кыргызстан менен Россиянын футболчулары жолдоштук беттеш өткөрөт