Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Иманкулов: дайынсыз 6 жоокердин сөөгүн тажик айылдарынан алып келдик

Иманкулов тажик тарап жоокерлерди туткундап алып барып, андан кийин өлтүрүп салышы мүмкүн деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тажикстан бийлиги чек арадан алыс жайгашкан айылдардан алты кыргыз аскеринин сөөгүн өткөрүп берди. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Ал тажик тарап жоокерлерди туткундап кетип, баргандан кийин өлтүрүп салышы мүмкүн деп эсептейт.
"Кечээ Тажикстан тээ алыскы айылдарында алты кыргыз аскеринин сөөгү жатканын айтып, биз барып алып келдик. Алар ал жакка кантип барып калганын билбейбиз. Эгер барымтага алса, бизге сөөгүн эмес, тирүү өткөрүп бериши керек эле. Дайынсыз болуп жаткан аскерлер бар. Азыр да таап жатабыз, набыт болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн", — деди Иманкулов.
Анын менен катар дайынсыз болуп жаткан дагы 14 аскер аман-эсен табылганын кабарлады.
"Биздин кээ бир заставалар талкаланган, тонолгон, өрттөлгөн. Курчоодо бир нечеси калган. Бүгүн жакшы кабар алдык. Курчоодон калган бир заставадан 14 жоокер аман-эсен чыкты", — деди Иманкулов.
Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнөн 200дөн ашык адам өлүп, 400гө чукулу жарадар болгонун билдирген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Иманкулов: кол салуу болорун билгенбиз, бирок мындай масштабды күткөн эмеспиз