Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

40 мүнөт мурун чыгып кеттик эле... Баткен шаарындагы үйүнө снаряд түшкөн Адылбеков

Тажик тараптын аткылоосунан Азизбек Адылбековдун Баткен шаарынын чок ортосунда жайгашкан үйү талкаланган. Ал үй-бүлөсүн алып чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин залптык ракета системасынын снаряды түшкөнүн айтты.
Sputnik
Адылбеков азыр үйүнө келе элек, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен телефон аркылуу сүйлөштү.
1 / 3

Тажик тараптын аткылоосунан Азизбек Адылбековдун Баткен шаарынын чок ортосунда жайгашкан үйү талкаланган

2 / 3

Ал үй-бүлөсүн алып чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин залптык ракета системасынын снаряды түшкөнүн айтты

3 / 3

Адылбеков азыр үйүнө келе элек, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен телефон аркылуу сүйлөштү

“Ар тараптан жардыруунун үнү угулуп, жакындаган сайын тынчсыздана баштадык. Анан Кара-Булак, Кара-Токой айылдарына барып туралы деп үйдөн чыгып кеттик. Кара-Токой айылында 15-20 мүнөттөй турдук да, чектеш Сох анклавына кирип кеттик”, — деди жабырлануучу.
Ал Сох анклавы аркылуу Кызыл-Кыя шаары тарапка өтөрү менен “сенин үйүңө бомба түштү” деп телефон чалуулар, билдирүүлөр келе баштаган.
“Укканыма ишенбей, сүрөттөрдү карасам чындап эле менин үйүм экен. Саат үчтөн өткөндө үйдөн чыгып кеткен болсок, болжол менен 16:00дөрдө снаряд түшүп жарылыптыр. Бүт баары талкаланып, эч нерсе калбаптыр. Ал жерде 40 мүнөт мурун эле балдарым, ата-эне, туугандарым менен 15 адам отурганбыз да. Кокусунанбы же тажик тарап үйүмдү административдик мекеме деп ойлогонбу, белгисиз. Ушул көчөдөн бир гана менин үйүмө снаряд түшүп, жарылган. Бул тамды Россияда 12 жыл мигрант болуп иштеп салган элем”, — деди Адылбеков.
Ал Кызыл-Кыядагы тургундарынын биринин турак жайына үч баласы, аялы, улгайган апасы жана кайненеси менен келип убактылуу баш калкалап отурат. Жергиликтүү бийлик азык-түлүк жана башка керектүү каражаттар менен камсыздап жатат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Бала бакча жаңы бүткөн болчу. Тажик тарап күлгө айланткан Ак-Сай айылынан видео