20-сентябрга карата аба ырайы

20-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ош шаарында +31...+33 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстандык жаш футболчулар Азия кубогуна жолдомо алып, жеңишин Баткенге арнады