БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаа Бишкекте кийинки жекшембиге чейин күн чайыттай ачык болуп турат.
Чүй облусу
19-22-сентябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот. 23-24-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтүп басылат, бирок дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
Талас облусу
19-22-сентябрда тоолуу аймактарда өткүн өтүп токтойт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 23-24-сентябрда облустун бардык аймагында күн ачык болот.
Ош облусу
18-20-сентябрь күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда өткүн өтүп басылат, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. 21-23-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
24-сентябрда облустун бүт аймактарында жамгыр жаабайт.
Жалал-Абад облусу
19-20-сентябрда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 23-24-сентябрда күн ачык болот.
Баткен облусу
19-22-сентябрь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Ал эми 23-24-сентябрда күндүн көзү бузулбай, асман ачык турат.
Ысык-Көл облусу
19-20-сентябрда күндүз көпчүлүк аймактарда, ал эми 21-23-сентябрда айрым жерлеринде өткүн өтөт. 24-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтүп басылат, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
Нарын облусу
19-23-сентябрда күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт. Ал эми 24-сентябрда күн ачык болуп турат.