Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Садыр Жапаров менен Нью-Йоркто жолугушат

БУУнун баш катчысы өтө тынчсыздануу менен кырдаалга көз салып турганын, жаңжалды андан ары ырбатпай, тынчтык диалогу менен чечүү зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын кол салуусу боюнча БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Анын алкагында Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен жолугушууга даярдыгын билдирген.
Ошондой эле кийинки жумада Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухриддин менен жаралган жагдайды талкуулай турганын айткан.
Өз кезегинде Кулубаев БУУнун баш катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан каза тапкандар болгонун, арасында жай тургундар бар экенин маалымдаган. Жергиликтүү жашоочулар жер которуп, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер, турак жайлардын талкаланганын маалымдаган. Аны менен катар кыргыз жарандардын мүлкү жана буюмдары таланып-тонолгонун билдирген.
"Кыргызстан чыңалууну басаңдатуу боюнча саясий-дипломатиялык күчтөрдүн бардык деңгээлиндеги чараларды колдонууда. Өкүнүчтүүсү тажик тарап ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча макулдашууларды аткарбай жатат. Тажикстандын куралдуу күчтөрү жана аскерий эмес топтору Кыргызстандын эгемендүү аймагына кыянаттык менен баскынчылык кылды. Кыргыз тарап өз жерин коргоо максатында жооп кайтарды", — деп айткан Кулубаев.
Өз кезегинде БУУнун баш катчысы өтө тынчсыздануу менен кырдаалга көз салып турганын, жаңжалды андан ары ырбатпай, тынчтык диалогу менен чечүү зарылдыгын белгилеген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
ТИМ элчилерди чакырып Тажикстандын кол салуусу тууралуу маалымат берди