Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти

Жаракат алгандар Бишкек, Ош шаарларында жана Баткендин ооруканаларында дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан Баткенде көз жумгандардын саны 36га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Саат 10:00дө Баткен шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү. Ошону менен каза болгондордун саны 36га жетти", — деп жазылат маалыматта.

Чек арадагы чырдан 129 бейтап жарадар болгон. Анын ичинен жетөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштын 3-күнү. Учурда эмне болуп жатат