Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылай баштады

Баткенде жайгашкан бөлүктөр жооп кайтарууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Достук айылын миномёт менен аткылап жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалымат 11:15ке карата берилди. Тажик тарап айылды көздөй үч миномёттук эсеп менен ок чыгарган.
Чек ара кызматынын Баткенде жайгашкан бөлүктөрү каршылаштарга жооп кайтарууда.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тараптын кол салуусунан 103 кыргызстандык жарадар болду. Соңку маалымат