Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тарап кайрадан Чоң-Алайдагы заставаны аткылап жатат

Бул ирет "Карамык" чек ара заставасы ок атуучу жана топтук куралдар менен аткыланган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап Чоң-Алайды кайрадан аткылап жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 18:20да Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан курчуган.
Тажик тарап бул ирет "Карамык" чек ара заставасын ок атуучу жана топтук куралдар менен аткылаган. Кыргыз аскерлери аймактагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:37де миномёт жана артиллерия менен Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позициясын аткылай баштаган. Эки тарап сүйлөшүп, саат 14:20да ок атуу токтогон болчу.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тараптын аткылоосунан улам Чоң-Алайдан 5034 адам эвакуацияланды