Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тараптын кол салуусунан 103 кыргызстандык жарадар болду. Соңку маалымат

Буга чейин куралдуу кагылышууда 24 мекендеш набыт болгону кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан жарадар болгон кыргызстандыктардын саны 103кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Буга чейин куралдуу кагылышууда 24 мекендеш набыт болгону кабарланган. Жаракат алгандардын 27си Бишкектеги ооруканаларга алып келинди. Анын алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдан көп адам каза болгонун, алар аскер кызматкерлери экенин айткан.
Тажикстан жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.
Ушу тапта чек арада абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде чек арада түн тынч өттү, бирок чыңалган абал сакталууда