Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткендеги кырдаалдан улам Ошто ЖКнын штабы түзүлүп, депутаттар барышты

Эл өкүлдөрү эвакуацияланган жарандардан кабар алып, алар менен баарлашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткендеги кырдаалга байланыштуу Ош шаарында Жогорку Кеңештин штабы түзүлүп, тийиштүү жумуштарды алып барууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Алишер Козуев, Жанар Акаев жана Эмил Жамгырчиев Ошко барып, Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү иштерине катышкан. Муну менен катар депутаттар шаардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, коопсуздук маселелерин талкуулашкан.
Андан тышкары, эл өкүлдөрү эвакуацияланган жарандардан кабар алып, алар менен баарлашты.
Баткенден эвакуацияланган жарандар үчүн Ош шаарында жатак жайлар даярдалып, келгендерге медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Ушу тапта чек арада абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Оштон Баткенге гуманитардык жардам келип түштү. Сүрөттөр