Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенге жөнөтөбүз! Ош мэриясы жарандарды кан тапшырууга чакырды

Борбор саат 08:00дөн 14:00гө чейин иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы жарандарды Баткендеги жаңжалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырууга чакырды.
Ага ылайык, каалоочулар Ош шаарындагы кан борборуна барса болот. Анын имараты Увам көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан.
"Кан берем дегендердин жугуштуу оорулары жок болушу керек. Ошондой эле 18 жаштан 60 жашка чейинкилер чакырылат", — деп айтылат маалыматта.
Борбор саат 08:00дөн 14:00гө чейин иштейт. Кан тапшыра турчу адам жанына паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк салып алышы керек.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткендеги жабыркагандарга кайдан кан тапшырса болору айтылды