Белгилүү тележурналист Мырзакул Мамбеталиев көз жумду

Мамбеталиев бүт өмүрүн Улуттук телерадио корпорациясына (УТРК) арнаган инсан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү тележурналист Мырзакул Мамбеталиев дүйнөдөн кайтты. Кабарды кесиптештери тастыктады.
Маркумдун 63 жашта экени айтылды.
Мамбеталиев бүт өмүрүн УТРКга арнаган инсан. Ал 1959-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин "Ала-Тоо" студиясында, социалдык-экономикалык студиясында продюсер, Улуттук каналдын вице-президенти болгон.
Акыркы жылдары "Котормо" студиясын жетектеп турган. Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгынын урматына Даңк медалы менен сыйланган.
Облустук телеканалдардын баары УТРКнын карамагына өттү