Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Таята-таенеси 4 небереси менен. Баткенде ок тийген 6 бала Бишкекте дарыланууда

Бир жарым жаштагы бөбөктүн жамбашына тийген окту медиктер операция учурунда чыгарышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Баткенден алып келинген сегиз адам жатат, анын алтоо — балдар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга оорукананын директору Гүлзат Маймерова билдирди.
Анын айтымында, балдардын эң кичүүсү тогуз айлык ымыркай, чоңу 11 жашта. 56 жана 54 жаштагы жубайлар төрт небереси менен жарадар болгон.
“Азыркы тапта баарынын абалы орточо оордукта, бирок шок абалында. Психологдор келип иштеп жатат. Кечээ кечинде операцияларды жасадык. Көбүнө октун чачырандылары тийген. 1,5 жаштагы бөбөккө ок бүтүн бойдон жамбашына кириптир, операция учурунда чыгардык. Алгач эки баланын абалы оор болуп реанимацияга жаткырганбыз, бүгүн жакшы болуп жалпы бөлүмгө котордук. Бир үй-бүлөдөн таята-таенеси төрт небереси менен түштү. Болгон дары-дармектерин алып атышат. Кошумча кароо жүргүздүк, түштөн кийин жыйынтыктары чыгат”, — деди Маймерова.
Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, тажик тараптын кол салуусунан 103 кыргызстандык жарадар болду.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылай баштады