Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 10 миңдей үй жарыксыз калды

Оңдоо иштерине башка облустардан дагы бригада тартылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажик тараптын аткылоосунан улам 32 калктуу конуштагы 9 609 үйдүн электр жарыгы өчүп калды. Анын ичинде Баткен районунда 26, Лейлекте алты айыл бар. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, Баткен электр тармагы ишканасынан оңдоо иштерине 60 кызматкер тартылган. Башка облустардан дагы 42 электрик барды.
"Энергетика системасынын негизги жана стратегиялык объектилеринде эксплуатациялоочу-ремонттук жана инженердик персоналдын күзөтү күчөтүлдү. Оор кырдаалдан улам аскер күчтөрү тарабынан авария болгон жерлерди оңдоо үчүн кирүүгө уруксат бериле элек", — деди Ибраев.
Келтирилген зыяндын көлөмү кийинчерээк аныкталат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тараптын аткылоосунан улам Чоң-Алайдан 5034 адам эвакуацияланды