Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Мындай чечим Тажикстан менен чектешкен аймактардагы куралдуу кагылышууга байланыштуу кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Мындай чечим Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу кабыл алынганы айтылды.
Максаты — аймакта тынчтыкты орнотуу, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо.
Буйрукту Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башчысы — президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чыгарган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылай баштады