Радио

Молдалиев: Баткен окуясы 18-сентябрга караган түнү башталган

Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, гвардиянын запастагы полковниги Сатыбек Молдалиев Баткен окуясына 23 жыл болгонун айтып, окуя кандайча башталганын эскерди.
Sputnik
1999-жылы 17-сентябрдан 18ине караган түнү баш кесер Абдулазиз (Абдували Юлдашев) согушчандар менен Сырт (Баткен, Кадамжай районунун аймагы) айылына кирип келишкен. Ал жол аркылуу Сох анклавына оңой өтүп кетсе болот. Согушчандар биздин аймак аркылуу Өзбекстандын аймагына өтүп, ФАНО (Фергана-Андижан-Наманган-Ош) ислам мамлекетин түзүү максатын коюшкан. Бул тууралуу Сатыбек Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кийинчерээк белгилүү болгон маалыматтарга ылайык согушчандар океандын ары жагынан каржыланып, алар берген буйрук боюнча басып киришкен. Себеби өлтүрүлүп, туткунга түшкөн адамдардын чөнтөгүнөн жапжаңы Американын акчалары, кымбат рация, телефондор табылган.
"Негизи бул согушчандар Афганистандан Тажикстанга келишкен. Ошол учурда Тажикстандын президентинин жарлыгы чыгып, "курал-жарактарыңарды тапшырып берип, тынч жашагыла" деп убакыт берилген. Согушкерлер баш ийбегенден улам Тажикстандын армиясы чоң аскердик операция өткөрүп, алар Кыргызстанга кире качып, Өзбекстанды көздөй бет алышкан. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн бардык аскердик бөлүктөрү Ош облусуна тартылган. Ошол жерде Лейлектен баштап Баткен, Чоң-Алай, Карамык аймактарын тосуп турушту. Согушчандар бул жерлерге жалгыз аяк жолдор менен келип, мурунтан эле изилдөө жүргүзүп, жергиликтүү эл, жогорку кызматтагы адамдар менен да сүйлөшүп маалымат чогулткан экен. Ал кезде мен Майлуу-Сууда өзгөчө аскердик бөлүктүн командири элем. Аскердик техника жетишсиз болуп, кыргыз армиясы тайсалдап турганы чын. Жогорку штабдан буйрук келгенде шаардын акимдери, заводдун жетекчилери жардам берип, биздин батальон жакшы даярдык менен Баткенге чыгып кеттик. Ошол учурдагы абалга карабастан кыргыз армиясы согушкерлерге туруштук берип, 23 жылдан бери бир дагы метр жер берген жокпуз. Согушкерлердин басып кириши эгемендүү Кыргызстан үчүн биринчи олуттуу сыноо болду десек болот. Ал окуядан кийин кыргыз армиясына көңүл бөлүнүп, структурасы өзгөртүлүп, тоолуу шарттарда согушканга ылайыкталып даярдалды. Ошондой эле ыкчам түрдө чек ара кызматы түзүлүп, чек ара кайтарууга алынды", — деди Молдалиев.
Ал кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүгө эки тараптын тең бийлиги олуттуу мамиле жасашы зарылдыгын кошумчалады.