Алдыдагы аптада күн ысыйбы? Баткен облусундагы аба ырайы

Жума ичинде абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Баткен облусундагы алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Жума ичинде абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлөт.
18-сентябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, өрөөнүндө жаан жаабайт.
19-22-сентябрь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Ал эми 23-24-сентябрда күндүн көзү бузулбай, асман ачык турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы