Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Акылбек Жапаров аткаминерлерге сөөк коюуга көмөктөшүүнү тапшырды

Өкмөт башчы сөөк коюу жөрөлгөсү каада-салтка ылайык, бардык сый-урмат менен уюштурулушу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облус жетекчилери, шаар мэрлери жана райондордун акимдери менен видеобайланыш форматында ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Жапаров жергиликтүү бийлик башчыларына каза болгон жарандарды акыркы сапарга узатуу иш-чараларын уюштурууга болушунча көмөк көрсөтүүнү тапшырган. Сөөк коюу жөрөлгөсү каада-салтка ылайык, бардык сый-урмат менен уюштурулушу керектигин белгилеген.
Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан гуманитардык жардам чогултуу жана жеткирүү иштерин уюштуруу зарылчылыгына токтолгон.
"Азыр жардам берүүнү каалаган жарандар көп болгондуктан, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуларын ачуу жана аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө борборлоштурулган түрдө Баткен облусуна жеткирүүнү камсыз кылуу маанилүү", — деди өкмөт башчы.
Аны менен катар аймактардагы коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлгө алууга тапшырма берген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Садыр Жапаров: ата-бабалар мурастаган жерибиздин бир да чарчы метрин бербейбиз