Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: Тажикстан "Град" реактивдүү системасын колдонууда

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты атышууну токтотуп, абалды сүйлөшүү менен жолго салууга чакыруусун улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу үчүн гибриддик согуштун бардык ыкмасын колдонуп, жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Билдирүүдө Душанбе жаңжалдын чыгышына Бишкекти күнөөлөп жатканы айтылат.

"Бирок тажик тарап алдын ала даярданган. Азыр танкаларды, сооттолгон техниканы, залптык октун "Град" реактивдүү тутумун пайдаланып жатат. Тажикстан шаар, айыл, калктуу конуштарга кол салуу менен чек арачылардан тышкары Куралдуу күчтөрүнүн башка бөлүктөрүн да тартууда", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты атышууну токтотуп, абалды сүйлөшүү менен жолго салууга чакыруусун улантууда.
Sputnik Кыргызстан чек арадагы кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын эки чек ара заставасына сокку урулуп, ири көлөмдөгү техникасы жок кылынды