Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажикстандын аскерлери Достук айылындагы мектепти ээлеп алышты

Кокус абал өзгөрүп кетсе, ок атууну токтотуу үчүн Кыргызстандын аскерлери заманбап курал-жарак жана техникаларын колдонот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери Баткендин Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алышты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 14:00гө карата чек арадагы абал курч бойдон калууда.
"Тажикстандын аскерлери чек арага жакын жайгашкан айылдардан ок чыгарууда. Алар өздөрүнүн жай тургундарын "тирүү калкан" катары колдонуп жатат", — деп жазылат маалыматта.
Чек ара кызматы кыргыз тарап айыгышкан кармашты улантып жатканын айтты.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тарап "Баткен" аэропортунун айланасын, шаардагы объектилерди аткылоодо. Видео