ШКУ лидерлери декларация кабыл алып, 2023-жылды Туризм жылы деп жарыялашты

Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары "ШКУнун ак ниет элчиси" ардактуу наамы жөнүндө жобону да бекитишти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. ШКУ саммитинин жыйынтыгы менен ага кирген өлкөлөрдүн лидерлери Самарканд декларациясына кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматта саммитте өлкө башчылары коргонуу жана коопсуздук боюнча алаканы бекемдөө ниеттерин айтып, ракетага каршы коргонуу глобалдык системасынын бир тараптуу өнүгүүсүнө терс көз карашын билдиришти.
"Президенттер террордук жана экстремисттик уюмдарга каршы туруунун жалпы ыкмаларын иштеп чыгуу чечимине келишти. IT-тармагын милитаризациялоого каршы пикирлерин айтып, Дүйнөлүк соода уюмун реформалоону сүйлөштү. Өлкө башчылары 2023-жылды Туризм жылы деп жарыялап, стартап, инновация, жакырчылык менен күрөшүү жана салттуу медицина боюнча жумушчу топторду түзүүнү макулдашты. Мындан тышкары, "ШКУнун ак ниет элчиси" ардактуу наамы жөнүндө жобо бекитилди", — деп жазылат маалыматта.
ШКУ — 2001-жылы түзүлгөн эл аралык уюм. Анын курамына Кыргызстан, Россия, Индия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия байкоочу макамында болсо, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекеттер болуп саналат.
Жапаров менен Путиндин Самарканддагы жолугушуусунда талкууланган маселелер