Радио

Асанова: милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин баасы жыл сайын өзгөрөт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын сапат экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Асанова 2022-жылдын жети айында 36 миңге жакын адамга полис берилгенин айтты.
Sputnik
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна же болбосо ММК фондунун аймактык башкармалыктарына кайрылып, паспорт көрсөтүп, арыз жазып, камсыздандыруу төгүмүн төлөө керек. Бул тууралуу Жылдыз Асанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет элдик жарандар бир жылдык милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин 18 105 сомго ала алат.
"Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин баасы жыл сайын өзгөрөт. 2022-жылдын жети айында 36 миңге жакын полис берилген. Анын ичинен 32,5 миң полисти кош бойлуу аялдар (Чүй облусу боюнча 3970 аял), 400ү чет өлкөлүк жарандар, ал эми үч миңге жакынын Кыргызстандын жарандары алган. Кыргызстандын жарандарына полис 12 айга берилет, анын баасы 1 504 сом. Чыгым минималдуу керектөө корзинасын эске алуу менен Монополияга каршы комитет менен макулдашылган формула боюнча эсептелет. Ал эми минималдуу керектөө корзинасы жыл сайын өзгөргөндүктөн полистин баасы да өзгөрөт. Канча сумма айырмачылык болорун айта албайбыз. Чет өлкөлүктөр полисти алты же 12 айга сатып ала алышат. Алар үчүн жылдык чыгым 18 миң 105 сомду түзөт. Эсептөө чет өлкөлүк жарандардын айлыгына жараша жүргүзүлөт. Кош бойлуу аялдарга полис бекер берилет", — деди Асанова.
Ал консультация алуу үчүн 113 ыкчам байланыш номерине чалып (чалуу акысыз), суроолорго жооп алса болорун кошумчалады.