Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара чыры. Лейлектеги төрт айылдын эли башка жакка чыгып кете баштады

Тажик тарап саат 8:05те айылдарды көздөй ок чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткендин Лейлек районундагы Борбордук, Арка, Жаштык жана Достук айылдарынын жашоочулары өз автоунаалары менен айылдан чыгып кете баштаганын Sputnik Кыргызстанга жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалым болгондой, алар Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Даркум, Даргаз жана Маргун айылдары жакты көздөй кетүүдө.
Жергиликтүү жашоочулар билдиргендей, тажик тарап саат 8:05те аталган айылдарды көздөй ок чыгара баштаган.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, биринчи болуп тажик тарап ок чыгарган. Аларга жооп иретинде Кыргызстандын чек арачылары да курал колдонууда.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу. Учурда эмне болуп жатат