БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Бириккен Араб Эмирлигинин тайпасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Оюн саат 19:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Мелдеш U-20 Азия кубогу-2023 чемпионатына тандап алуу туру үчүн өткөрүлөт.
Эске салсак, курама команда эки күндөн кийин, 18-сентябрда, Бруней менен ойнойт.
Футболдук беттешке кирүү үчүн билеттер сатыла баштады.