Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара кагылышуусунда Кыргызстандын 4 жоокери жарадар болду

Учурда кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда кыргызстандык төрт аскер жаракат алды. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бүгүн таңда саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасында тажик чек арачылары ок чыгара баштаган. Саат 07:20да Кызыл-Бел айылында ок атуу башталган. Учурда кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу болуп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, 4 аскер кызматкери жарадар болгон.
Тажик тараптын кол салуусунан улам кооптуу айылдарда жашаган тургундар эвакуацияланууда.
Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада жүрөт. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алып жатканы белгиленди.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу. Учурда эмне болуп жатат