Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: аскер эмес адамдар жүрөт, тажик бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат

Кагылышуу адам өлүмүнө, эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян келтирүүгө алып баратканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тараптан аскер кызматкери катары таанылбаган белгисиз адамдар куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатат. Бул туурасында Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы билдирди.
Мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чагымчылык менен кол салганы белгиленди.
"УКМК кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана чек арада чагымчылык көбөйүп баратат. Кыргыз жарандарына жана аскерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип түрдүү агитацияларды жана идеяларды пропагандалап жатышат. Мунун баары абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат. Тажикстандын бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканы куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошууда. Бул адам өлүмүн шарттап, эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян келтирүүгө алып барат", — деп жазылат билдирүүдө.
УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылышты деэскалациялоого, биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу. Учурда эмне болуп жатат