Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз тарап ок атууну токтотту

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары бардык чек ара аскерлери түзүмдөрүнө атышууну токтотууга команда берген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандын чек арачылары жаңжал болуп жаткан аймактарда ок атууну токтотту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
"Тажик тарап аткылоону басаңдатты, бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик чек арачылары кыргыз тарапка дагы эле ок чыгарууда", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары бардык чек ара аскерлери түзүмдөрүнө атышууну токтотууга команда берген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тарап аткан снаряд тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду