17-сентябрга карата аба ырайы

17-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ишембиде күндүз Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +21...+26 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ош калаасында +29...+31 градуска жетет.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы