Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Бир сантиметр дагы бербейбиз! Чек арадагы кагылышуудан видео

Тажик тарап Кыргызстандын чек ара тилкелерин, аскердик жана жарандык инфраструктураларын талкалап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы басма сөз кызматкеринин жетекчисине доклад берип жаткан видеосун жарыялады.
Ал саат 10:10го карата тажик тарап Кыргызстандын чек ара тилкелерин, аскердик жана жарандык инфраструктураларды, Кызыл-Бел айылын талкалап жатканын айтууда.

"Жолдош полковник, бир сантиметр дагы жерди бербейбиз! Биздин жоокерлер аягына чейин турат!" — деп кайрылды кызматкер.

Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу болуп жатат. Кыргызстан тажик тарап танк, БТР, БМП жана минометторду колдонуп жатканын биллдирди. Чек аралаш айылдардагы элдин баары эвакуацияланган.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: аскер эмес адамдар жүрөт, тажик бийлиги кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат